Бишкекте кыз уурдоого шектелген кармалды
- 16.04.2021, 17:32,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте кызды үйлөнүү үчүн уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 20.20 чамасында укук коргоо органдарына Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде адам уурдалды деген билдирүү түшкөн. Белгисиз шаар тургуну кызды Субару Легаси унаасына күч менен салып кеткени аныкталды.
Издөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 26 жаштагы А.А., табылып, кармалган. Ал Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.