ДССУ уу коргошундун коронавирустан айыктыруудагы натыйжалуулугу туурасында айтты
- 16.04.2021, 14:40,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Клиникалык сыноолордон өтпөгөн препарат (Ысык-Көл тамыры) каттала албайт жана калкка кеңири колдонууга сунушталбайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди
«Азыркы учурда ДССУда COVID-19 дарылоо үчүн Aconítum soongáricum эффективдүүлүгү жана коопсуздугу жөнүндө маалыматтар жок. Мындай маалыматтарды алуу үчүн, анын фармакологиялык касиеттерин изилдөөдө (клиникага чейинки жана клиникалык) эл аралык стандарттарга ылайык изилдөө керек. Өз алдынча дарыланбоо өтө маанилүү жана эгер COVID-19 оорусунун белгилери байкалса, дароо медициналык мекемелерден жардам сураңыз. ДССУ зарыл болгон чараларды сактоону улантууну катуу сунуштайт: аралыкты сактаңыз, маска кийиңиз, колуңузду тез-тез жууңуз, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз, бөлмөлөрдү желдетиңиз жана симптомдор бекитилген протоколдорго ылайык пайда болгондо COVID-19 тестин тапшырыңыз», - деп айтылат билдирүүдө.