Бишкекте 13 мугалим жана 22 окуучу коронавирус менен ооруп жатат
- 09.04.2021, 10:42,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте 13 мугалим жана 22 окуучу жугуштуу пневмония жана COVID-19 менен ооруп жатышат. Бул тууралуу борбордук мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева брифингде билдирди.
Ал кошумчалагандай, шаардагы алты мектептеги тогуз класс аралыктан билим берүүгө жөнөтүлдү.
«Эгер ата-энелер, баласынын онлайн режиминде билим алышын каалабаса, анда ал үйдөн билим алат деп арыз жазса болот. Ал үй тапшырмасын алат, аны аткарат жана мугалимдин кароосуна жиберет. Бүгүнкү күндө 1 миң 74 окуучу үйдө билим алышууда», - деди Элмира Иманалиева.