У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын эӊ мыкты юристтери жана жактоочулары сиздин телефонуӊузда! Elgezit.kg - жаңы долбоор…


 Elgezit.kg редакциясы «Бота» команиясы менен биргеликте уникалдуу “Адвокат издөө”- долбоорун ишке ашырууда. Эми сиз телефон чалуунун жардамы менен эле Кыргызстандагы юристтердин жана адвокаттардын жеткиликтүү маалымат базасына кире аласыз.
 
Күн сайын жүздөгөн кыргызстандыктар мыйзам бузуу фактыларына туш болушат –  мыйзамсыз кармоолор, карыздарын кайтарбагандар, бизнестеги мыйзам бузуулар, алимент төлбөгөндөр…
 
Кыргызстандыктар көп кез келген мыйзам бузуулар: 
- куруучулардын көйгөйлөрү, 
- мурас, 
- насыя, 
- сот аткаруучулары, 
- жер маселелери, 
-эмгек талаш-тартыштары, 
- пенсияны кайра эсептөө,
- керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, 
-жол кырсыктары,
- кылмыш мыйзамдары,
- алдамчылык, 
- алимент, 
- ажырашуу процесстери.
 
Кээде юридикалык көйгөйлөргө туш болгондо, дээрлик ар бирибиз, өзүбүз таанып-билген адвокаттын номерин эстөөгө аракет кылып, үй-бүлөбүз жана досторубуз аркылуу тажрыйбалуу жана ишенимдүүрөөк жактоочуларды табууга аракет кылабыз. 
 
Тажрыйбалуу юрист же жактоочуну издөө менен биз убакыттан уттурабыз. Ал учурда – насыя алгандар башка өлкөлөрдө чыгып кетишет, текшерүүчүлөр миңдеген айыптарды жазышат, мыйзамдуу колдоодон адырайбыз, кээде күнөөсүз адамдар камакка алынат.
 
«Адвокат издөө» өнөктүгүнүн алкагында Elgezit.kg редакциясы эң белгилүү, кесипкөй жана тажрыйбалуу юристтер жана жактоочулардын - укуктун бардык тармактарынын адистеринен (кылмыштуулук, жарандык, административдик, каржылык, үй-бүлөлүк, банктык, эл аралык жана башка бизнес) турган долбоорду иш жүзүнө ашырууда. 
 
Долбоордун алкагында ачылган байланыш борбору (колл-центр 5055) күнү-түнү иштейт, каалаган уюлдук операторунан («О», «Мегаком», «Билайн») 5055 кыска номерине чалып (чалуу акысы 30 сом), Кыргызстандын ар бир жашоочусу өз көйгөйү боюнча кыскача маалымат калтыра алат. Сиздин арызыңызга ылайык, мүмкүн болушунча эртерээк сиздин профилиңиз боюнча адвокат же юрист сиз менен байланышат. Сизге сапаттуу юридикалык кызматтар көрсөтүлөт жана өз ара макулдашуу боюнча, адвокаттар сиздин көйгөйлөрүңүздү чечип беришет. Юристтер жана адвокаттар ар бир жеке ишке жекече мамиле жасашат, пайда болгон кырдаалды жоопкерчилик менен жана кесипкөйлүк менен чечишет.
 
Кызмат көрсөтүүдө биз купуялуулук жана өз ара ишеним принциптерине негизделебиз, андыктан сиз бизге берген маалыматтын ачыкка чыкпай тургандыгына ишенсеӊиз болот. Биз буга кепилдик беребиз!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter