У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгерлер жана медайымдар COVID-19дун үчүнчү толкунуна даярдык көрүшүүдө

 
 Коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна даярдануу үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы штаттан тышкаркы адистери дарыгерлер менен медайымдардын мультидисциплиналык топторун кайра даярдоодо. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борборунан билдиришти. 
 
 Маалыматка ылайык, алгачкы окутуу тренинг Ош, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында өттү.
 
Топтун курамына алдыңкы адистер: инфекционисттер, пульмонологдор, реаниматологдор, кардиологдор, педиатрлар, акушер-гинекологдор, терапевттер, үй-бүлөлүк дарыгерлер, невропатологдор, эндокринологдор кире турганы белгилүү болду.
 
 Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги жалпы COVID-19 жана башка көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тутумунун потенциалын чыңдоодо оор бейтаптарга жардам көрсөтүүдө медайымдардын жогорку мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
 
Анын айтымында, дарыгерлердин жана медайымдардын түзүлгөн курам калктын ден-соолугун натыйжалуу коргоо үчүн коронавирус инфекциясынын жаңы толкунуна жана башка кыйынчылыктарга даяр.
 
Окутуунун кийинки этабы Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында болот жана Бишкек шаарында аяктайт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter