У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда оорулуу балдарды байлардын эсебинен дарылоо сунушталды


 Оорулуу балдарга кымбат баалуу дары-дармектерди сатып алуу үчүн бюджеттик каражаттардан тышкары кошумча каржы булагы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын ден-соолукту коргоо комитетинин мүчөсү Алексей Куринный «Говорит Москва» радиосунун эфиринде билдирди.
 
Депутат балдарды байлардын жана өтө байлардын эсебинен дарылоону сунуш кылды. Ал салык салуунун кадимки прогрессивдүү масштабы болушу керек деп эсептейт. Мындай жол менен оорулуу балдар үчүн 60 миллиард эмес, эки триллион рубль чогулса боло турганын айтты. 
 
«Каражат акча жетишпеген тармактарга жумшалышы керек»-, деди Куринный.
 
Буга чейин Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын лидери Геннадий Зюганов Россиядагы «шектүү байларга» жогорулатылган салык киргизүүнү сунуш кылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter