У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Иттин айынан чыккан чыр, ата-эненин өлүмү менен аяктады…


 Италияда 30 жаштагы бодибилдер Бенно Ноймер ата-энесин өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу Daily Mail маалымдайт.
 
Италиянын Болзанодогу мугалимдери Питер Ноймер жана Лаура Перселли 2021-жылдын башында дайынсыз жоголуп кетишкен. Кийинчерээк Лаура Пурчеллинин сөөгү дарыядан табылып, анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.  Питер Ноймардын сөөгүн табуу мүмкүн болгон жок, бирок анын кандын издери көпүрөдөн табылган.
 
Алардын баласы Бенно Ноймар 29-январда адам өлтүрүүгө шектелип кармалган, бирок ал кылмышын эми гана мойнуна алган. Анын айтымында, ата-энеси менен болгон чыр итти сейилдөөгө алып чыгуудан улам келип чыккан. 30 жаштагы Бенно Ноймер ата-энесинин итти сейилдөөгө алып чыгып келген деген өтүнүчүнө макул болбой, компьютерде ойноп отуруп алган. Андан кийин төшөгүнө барып жатып алат. Ачуусу келген атасы баласын ойготуп урушуп кирген. Бенно атасын муунтуп өлтүрүп, андан кийин апасын да муунтуп өлтүрөт. Кылмыштын изин жашыруу үчүн ал алардын сөөгүн дарыяга ыргытып жиберген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter