У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик бычактан жаракат алган окуучулардын абалы боюнча маалымат берди


 Кара-Сууда мушташкан мектеп окуучуларына биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
 
Министрликтин маалыматына ылайык, эки өспүрүмгө тең алгачкы хирургиялык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле жашаган жери боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу сунушталган.
 
«Бир окуучу сол белинен, экинчисинин көкүрөгүнөн жаракат алган», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.
 
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 17 жаштагы Х.И. кармалган. 
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган адам жабырлануучулар менен тааныш болгон. 22-февраль күнү болжол менен саат 13.00 чамасында жигиттердин ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Мушташ учурунда кылмышка шектүү жабырлануучуларга бычак сайган. Кармалган адам үй камагына чыгарылган.
 
Эске салсак, Кара-Суу районунда эки мектеп окуучусу бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн. Эки жабырлануучу тең Ош шаарындагы Панфилов мектебинде окушат.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter