У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жумушсуз жарандарга Дүйнөлүк банк тарабынан жөлөк пул төлөнөт


 Жумушсуз жарандарга төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмү убактылуу жогорулайт. Жөлөк пулдун көлөмү буга чейин 330 сом болсо, 1-ноябрдан тартып 900 сомго жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министринин маалыматына таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, мындай чечим пандемиянын кесепетинен улам кабыл алынган. Кыргызстанда 38 миӊ жаран жумушсуз катары официалдуу каттоодон өткөн. Жумушсуз жарандарга жөлөк пул төлөөгө 250 млн сом керектелет. Жөлөк пул 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта 2021-жылдын 31-апрелине чейин берилет. Ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter