У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Реформа» партиясы шайлоо күрөөсүн (5 млн) элден чогултуп, БШКга тапшырды

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого ат салышып жаткан «Реформа» партиясы шайлоо күрөөсү үчүн төлөнө турган 5, 5 млн сомду элден чогулутуп, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу партиянын өкүлү Эрнис Жээнтаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.  
 
«Достор, сүйүнчү! Биз 5 548 219,13 сом чогулттук! Силердин колдооңуздар, жардамыңыздар менен 5 млн. сомдук шайлоо күрѳѳнү чогултуп, БШКга таптырдык. Кыргыз эли – айкѳл, берешен, боорукер эл экенин дагы бир жолу далилдеп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу #реформа үчүн чоң сумма болуп эсептелген күрѳѳ акчаны чогултуп берди. Жаңы күчтѳргѳ каршы бийлик тарабынан түзүлгѳн тоскоолдуктарды аттап ѳттүк. Биз эми шайлоого коркпой катыша алабыз. Анткени сиз бизди колдоп турасыз! Колдооңуздарды сезип, бизге арткан ишенимиңизди актайбыз деп сѳз беребиз.
Дагы бир жолу чоң рахмат айтабыз! Күндѳн-күнгѳ биздин команда силердин алдыңарда канчалык чоң милдет турганын түшүнүп жатат. Азыр биз канчалык сүйүнүп жатканыбызды сѳз менен жеткире албай турабыз. Биз үчүн ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканыңарга абдан ыраазыбыз! Бул баарыбыздын биринчи жана эң маанилүү жеңишибиз. Алдыда дагы кѳп жеңиштерибиз бар! Бизге реформа керек!»-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter