Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматынан кетти
- 14.08.2020, 11:58,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кеткенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Кетүүгө убакыт келди, алдыда максаттар бар… Кечээ, өз калоом менен арыз жазып, жетекчилик кызматтан кеттим. Эки жылга жакын аралыкта Туризм департаментинин командасы жана бизге колдоо көрсөткөн тараптар менен биргеликте көп ийгиликтерге жетиштик, жакшы иштерди жасадык деп ойлойм»-деп жазды ал.
Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп 2018-жылдын 20-ноябрында дайындалган.