У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай Кыргызстанга мобилдик оорукана белек кылат

Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гранттык негизде мобилдик оорукана белек кыла турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги билдирди.
 
Бул долбоорду тезинен ишке ашыруу туурасында Экономика министри Санжар Муканбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин 20-июлдагы видео сүйлөшүүсүндө талкуулашкан.

Кытай мамлекети бере турган мобилдик госпиталдагы медициналык жабдуулар туурасында Экономика министрлиги маалымат берген жок.
 
Азыркы пандемия шартында Кыргызстанга оорукана куруу зарыл экендиги коомчулук тарабынан көп айтылып, мамлекет Бишкек жана Ош шаарларына заманбап жабуулар менен камсыз болгон 100 орундуу оорукана куруу долбоорун колго алды.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter