У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Керемет банкты» тоногон шектүүлөр колго түштү


Бишкек шаарынын Криминалдык милиция кызматынын тергөөчүлөрү уюшкан кылмыштуу топтун каракчыларын  кармашты.
 
Эске салсак, 2020-жылдын 12-июнунда 30-35 жаштарды эки жаран тапанча менен кирип «Керемет-Банкты» тоношкон. Тоноо учурунда күзөтчү жана кассир жаракат алган. Каракчылар 1 миллион 120 миң сомду алып кетишкен.

 
Аталган кылмыш иштеринин алкагында ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, криминалдык милиция кызматкерлери ИИМдин спецназдары менен бирге тоноого шектүүлөрдү кармашты. Алар 1975-жылы туулган С.А. жана 1983-жылы туулган А.Н болгон. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter