У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Али Токтакунов: «Мен Саймаитиден акча алган эмесмин…»


Али Токтакунов УКМКнын «Али Токтакунов Саймаитиден 100 миӊ доллар акча алган»- деген билдирүүсүнө төмөнкүдөй жооп берди. 

«Улуттук коопсуздук кызматынын менин атыма байланыштуу билдирүүлөрү каралоо жана карандай калп. Кара пиардын өмүрү кыска болорун тарых далай жолу далилдеген. Күбөмүн деген адамдардын куру, эч бир фактыга, далилге таянбаган билдирүүлөрү, ошондой эле абактагы адамдын көрсөтмөлөрү буга чейин болуп келген жана алар түрдүү «гейт» деген ат менен тарыха кирген. Мындан сырткары УКМКнын атына далай жолу наалат айттырган иштер болгон. 

Айеркен Саймаитиден мен эч кандай акча алган эмесмин. Саймаитиден биз журналисттер жүздөгөн документтерди, анын ичинде өзү аралашып жүргөн иштер боюнча анын көрсөтмөлөрүн алганбыз. Андан тышкары дагы ондогон күбөлөрдүн көрмөтмөлөрүнүн негизинде биз иликтөөлөрдү жасап, Кыргызстандагы туташ коррупциянын анын ичинде бажыдагы коррупциянын, Кыргызстанда 100 млн. акчаны адалдаган системанын бетин ачканбыз. Тилекке каршы, Өкмөт канча убакыт өтсө дагы мына ошол биз ашкерелеп берген фактылардын аягына чыкпай, иликтөөгө чекит кое элек, бул абдан өкүнүчтүү…

Тилекке каршы, анын ордуна иликтөөчү журналисттердин өзүнө, атына каралоо жүрүп жаткандыгы өкүндүрөт. Бирок эле билип турат, акты ак, караны кара деп айрымалай алат. Акырында чындык, акыйкат жеӊерине биз, тереӊ ишенебиз!,-деди Токтакунов.

]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter