Чиновниктер иш сапарларына 3 айда 122 млн сомдон ашык каражат сарпташкан
- 06.05.2020, 08:39,
- Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбордук казынага шилтеме кылып “Акчабар” порталы 2020-жылдын I кварталдагы республикалык бюджеттин эсебинен мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарларына 122 млн 578 миң 595 сом жумшалганын кабарлады.
Чыгашанын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 45 млн 823 миң 259 сом же 37.4% мейманкана үчүн сарпталган.
Мамлекеттик бюджеттин 2020-жылдын I кварталындагы жалпы кирешеси 30 млрд 367 млн 16.6 миң сомду түзгөнү белгиленет.