У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик кызматта иштеген пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөнү токтотууну сунушташууда...

 
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген пенсионерлерге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын бекитилген реестрине ылайык пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөнү токтотуу сунушталууда.
 
Учурда Кыргызстанда пенсиялык реформа жүрүп жатат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда.
 
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдиргендей, пенсиянын базалык бөлүгү карылыкка байланыштуу акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган учурда мамлекеттик колдоо болуп саналат. Ал эми мамлекеттик кызматта иштегендер эмгек акыны да, пенсиянын базалык бөлүгүн да республикалык бюджеттен алышат.
 
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2022-жылдын декабрь айында мамлекеттик администрация кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 52 миң 365 сомду түздү.
 
Мамлекеттик кызматкердин жана муниципалдык кызматкердин кызматка көтөрүлүшү жаш өткөн сайын ишке ашат, ошол эле учурда маянасы да көбөйөт. Алар бир эле учурда айлык да пенсия да алышат. 
 
«Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана эмгекке акы төлөө системасын оптималдаштыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бекитилген реестрине ылайык токтото туруу сунушталууда.
 
Натыйжада, пенсионерлер мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде мурдагыдай эле эмгек акысын жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн толук алууга, ал эми жумуштан кеткенден кийин базалык пенсияны да алууга укуктуу болот. Ошол эле учурда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы жалпы пенсия курагына жеткенден кийин каалаган убакта ишин таштап, пенсияга чыга алат.
 
 Бир жагынан алганда, бул жогорку пенсияны калыптандырууга стимул берет. Аталган мыйзам долбоору дарыгерлерге, мугалимдерге, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин категориясына кирбеген адамдарга таасирин тийгизбейт», - деди Алиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter