Кыргызстан Россиядан электр энергиясын сатып алат
- 29.03.2023, 15:20,
- Экономика / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Кыргыз Республикасына электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлөт. Бул маалыматты Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков журналисттерге тастыктады.
Анын айтымында, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде 875 миллион киловатт-саат импорттоо пландалууда.
«Импорттун баасы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталат. Учурда электр жарыгын берүү мөөнөтү да такталууда», - деди Сабырбек Султанбеков.