У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


95 миллиард сом. Өлкөнүн ички карыз рекорддук суммага жетти. Министрликтин түшүндүрмөсү...


 28-мартта Финансы министрлиги Кыргызстандын ички карызынын рекорддук суммага жеткени боюнча түшүндүрмө берди.
 
Алсак, 2023-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын ички карызынын көлөмү 95 660,52 миллион сомду түздү, бул 1 110,39 миллион АКШ долларына же ИДПга карата 10,32%га барабар.
 
Министрликтин маалыматына караганда, 2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70%дан ашпашы керек. 
 
“Бүгүнкү күндө болсо жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нечеге пайызга төмөн катталып, карыз (тышкы+ички) ИДПга карата 52,33%ды түздү. 
Бул мамлекеттик карыздын деңгээли туруктуу дегенди билдирет.
Кошумчалай кетсек, ички карыздын жалпы мамлекеттик карызга болгон катышы бүгүнкү күндө 19,7%ды түзөт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги масштабдуу мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында, башкалардын катарында ички булактардын жаңы инструменттерин колдонот, муну менен катар келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички карыз көбөйөт”,-деп айтылат маалыматта. 
 
Ички карыз тышкы карызга караганда бир катар артыкчылыктарга ээ:
- ички карыздарды алууда канчалык акчанын куну өзгөрүлбөсүн  тобокелдик жаралбайт, ал эми тышкы карыздарды алууда курстук айырманы кайтаруу үчүн талап кылынган сумма көбөйүп кетиши мүмкүн, ошондой эле карызды тейлөөнү кыйындатат; 
 
- ички карыздар боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө ички кредиторлор киреше алышат. Ал эми тышкы карыз боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө чет элдик валютага муктаждык жаралып, мамлекеттин валюталык резервдери кыскарып кетет. Мындай учурда чет өлкөлүк кредиторлор пайда табышат;
 
- инфляцияны жана девальвацияны эске алуу менен ички карызды тейлөөнүн наркы тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардан бир топ төмөн. 
Ошондой эле министрлик, мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыздын басымдуулугу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалып жатканын баса белгиледи.
 
 «Республикалык бюджетте мамлекеттик карызды тейлөөгө каражат толугу менен каралган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик карызды жабуу өз убагында аткарылууда», - деп билдирди министрлик. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter