Беш жыл ичинде Кыргызстанда тамак-аш азыктарына болгон баа 51, 8 пайызга өстү
- 28.03.2023, 12:05,
- Экономика / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда бааларынын жана тарифтеринин өсүшү бүтүндөй республика боюнча 39,2 процентти түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Мында тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 51,8 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 50,9 пайызга кымбаттаган. Азык-түлүк эмес товарлардын баасы 24,9 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 23,5 пайызга жогорулаган.
Эске салсак, өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда баалар 14,7 пайызга жогорулаган.