У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Доллар арзандагандан кийин Улуттук банк 5,4 миллион доллар сатып алды


 Алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында бүгүн, 2022-жылдын 30-мартында Улуттук банк 5,4 миллион доллар өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюталык интервенция жүргүздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
 
Улуттук банктын билдирүүсүндө, учурдагы өзгөрүлмө алмашуу курсунун режиминде валюта курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугунун негизинде аныкталат.
 
Кошумчалай кетсек, Улуттук банк ички валюта рыногун катуу жөнгө салуучу орган эмес жана курстун тенденциясын аныктабайт, болгону алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу максатын көздөйт.
 
Улуттук банк доллардын арзандашынын себебин чет элдик валютанын сунушунун ага болгон суроо-талаптан жогору болушу, ошондой эле Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата учурдагы чыңдалуусу менен түшүндүрдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter