Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору мыйзамдуу түрдө тез жардам клиникалык ооруканасы болуп түзүлдү
- 04.03.2022, 16:29,
- Экономика / Жаңылыктар
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору мыйзамдуу түрдө тез жардам клиникалык ооруканасы болуп түзүлдү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, оорукана 2022-жылдын 3-мартында Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн.
Клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Памир Муратовдун айтымында, оорукананын атын өзгөртүүгө байланыштуу юридикалык маселелер чечилди.
«Кийинки кадам уюштуруу жана кошумча жаңы кардиология, неврология жана башкалар сыяктуу бөлүмдөрдү ачуу. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте каржылоого байланышкан маселелердин үстүндө иштеп жатабыз, менимче, жакынкы арада Клиникалык тез жардам ооруканасы кадимки режимде иштей баштайт», - деди Муратов.