У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан азык-түлүктүн үч гана түрү менен өзүн камсыздайт


Кыргызстан бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугунун үч гана түрү боюнча өзүн-өзү толук камсыздайт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков билдирди.
 
«Биз өзүбүздү сүт, аны кайра иштетүү азыктары менен толук камсыздайбыз. Орто эсеп менен бир кыргызстандыкка жылына 198 килограмм сүт азыктары керектелет, мындан тышкары биз дагы экспорттойбуз. Ошондой эле өзүбүздү картошка, жашылча менен толук камсыздап, экспорттойбуз. Калганын 100 пайыз камсыздай албайбыз», - деди ал.
 
Министрдин айтымында, республика эт менен 68 пайызга, кант менен 56 пайызга, тооктун жумурткасы менен 50 пайызга, өсүмдүк майы менен 20 пайызга гана камсыз болгон, калганы импорттон көз каранды. 
 
«Ошол эле учурда Кыргызстанда балык керектөө көбөйүүдө. Быйыл балык өндүрүүнүн көлөмү эки эсе көбөйдү. Жетиштүү көлөм менен камсыз кылуу үчүн, бул ар бир кишиге 9,8 килограмм балык продуктуларын, биз жылына 55 миң тоннадан кем эмес өндүрүүбүз керек. Беш жылдын ичинде биз өзүбүздү балыктын эти менен 100 пайыз камсыздайбыз», - деп жыйынтыктады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter