У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сузакта токойдогу чатырдан бир туугандардын сөөгү табылды

 
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы токойдогу чатырдан бир туугандардын сөөгү табылды. Бир туугандардын сөөгү 29-октябрда токойдон табылганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
 Алар Курманбеков айыл аймагынын тургундары болушкан. Алар жаңгак терүү үчүн Кара-Алма айыл аймагындагы Чоң-Таш жайлоосуна барышкан.
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, алар түтүнгө ууланып каза болушкан. 46 жана 48 жаштагы эки бир тууган Кара-Алма аймагына жаңгак терүүгө кетишкен. Ошол жерге чатыр тигишип, аба- ырайынын сууктугуна байланыштуу бир туугандар чатырды сыртынан кленка менен ороп жылуулашкан. Чатырдын ичине от жагып, уктап калышкан. Алардын сөөгүн жаңгак тергендер табышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter