Кыргызстанда уйдун эти кайра кымбатоодо
- 18.08.2021, 09:45,
- Экономика
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбатоодо. Бул тууралуу кечээ, 17-августта Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Учурда уй этинин бир килограммынын баасы 490 сомдун тегерегинде болууда. Март айында уй эти 430-450 сомдон сатылып жаткан. Эттин баасынын көтөрүлүшү малды сыртка чыгарууга салынган тыюунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу болууда.
Өкмөт 8-июлдан тартып малды сыртка сатууга кайра уруксат берген.