У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сабиз 100 сом. Министрлик баалардын көтөрүлүшүнүн себебин түшүндүрдү


     Кыргызстанда сабиздин кескин кымбатташы экспорттун көбөйүшү менен байланыштуу. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Ильич Марсбек уулу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганда дыйкандар өстүргөн продукциясын жакшы жана татыктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк ачылган. Биздин маалыматыбыз боюнча, 2020-жылдын беш айында 13 миң тоннага жакын сабиз экспорттосок, быйыл ушул эле мезгилде 31 миң тонна сабиз экспорт болду. Экспорт эки жарым эсеге өстү. Дыйкан-фермерлерибиз татыктуу деңгээлде пайда таба баштаганда гана биздин айыл чарба тармагыбыз өнүгөт. Бирок бир четинен шаарларда баанын өсүп кетиши маселе жаратып жатат», - деди ал.

Анын айтымында, ички базардагы баалардын көтөрүлүшү товарлардын жетишсиздигинен улам келип чыккан. 

«Жакынкы аралыкта сабиздин баасынын төмөндөшү күтүлүүдө. Быйыл ала турган түшүм жакшы болгону жатат. Июлдун башы менен түшүм жыйноо иштери башталганда кымбаттап кеткен айыл чарба продукциясынын баасы ылдыйлайт деп күтүп жатабыз», - деди ал. 

Белгилей кетсек, акыркы мезгилде Кыргызстанда сабиздин баасы өсүп, 100-110 сомго чейин көтөрүлдү.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter