У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда биринчи ирээт ИДП 8% ашык түшүп кетти…


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кыргызстандын экономикасы өтө оор кризисте экенин айтып жатат. Ички дүң өндүрүмү 8% ашык түшүп кеткен. Мындай абал Кыргызстанда биринчи ирет болуп жатат. 

Мына 10 айдын жыйынтыгы боюнча тышкы соода жүгүртүү 18,1% түшкөн. Бул 4,7 миллиард долларды түзөт. Импорт 26,9% төмөндөп, Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Кытайдан келип жаткан жүк ташуучу машинелердин саны кризиске чейинки мезгилге салыштырганда 10 эсе азайган. Бир айда болгону 100гө жетпеген машина кирүүдө. 

Ал эми 9 ай ичинде сыртка чыгарылып кеткен капиталдын көлөмү 720 млн. долларды түзүп, рекорд жаңыртса, сырттан келген инвестициянын көлөмү 30,9% азайган. Акча менен эсептегенде ал 398 млн. долларды түзөт.

Баарынан кызмат көрсөтүү тармагы жыл башынан бери 10,2% төмөндөп, ресторандар менен мейманканалар жарым-жартылай иштеп, кирешеси 46,5% кыскарган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter