Учурунда коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бирок азыркы бийлик келгенде кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кетти деген негизде кыскартып алган, учурда Транспорт министрлигин Нурлан Сулайманов сырттан башкарып жатканы боюнча коомдо көп сөз айтылып келет.
Бизде сыныктын башканын баары жугушту дегендей, Нурлан Сулаймановдон эмнем кем дегенби, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп иштен кеткен Энергетика министри Доскул Бекмурзаев дагы аталган тармакты сырттан кадыресе башкарып жатканын эшиттик.
Ушундан улам, бизде кылмыш кылсаң, жоопкерчилик тартпастан, тескерисинче, көшөгө артында туруп алып баягы көнгөн адатыңча башкара берген өнөрбү? Болгону, ишиң жүрүп, итиң чөп жеп турганда болгон таанышыңды, ага-тууганыңды маанилүү жерлерге кызматка коюп алышың керек. Анан болду, иштен кетесиңби, кылмыш иши козголуп камалып кетесиңби, баары бир башкара бересиң?!
Мына, энергетика министрлигиндеги чоңдордун дээрлик 90 пайызы экс-министр Доскул Бекмурзаевдин эрке талтаңдары экен. Жалал-Абадга өзүнүн "кошелогу" деген сөздөрдү илештирип жүргөн Нурланды алып барса, Чүйгө досу Нурдинди алып келген эле. Эми ошол мындан 15 жыл мурун 10 миллион сомду «оп кылып кеткен» Осмонов Нурдинди НЭСКтин орун басарлык кызматына көтөрүп, ал жерде иштеген митингдер боюнча модератору Бакыт Жакыповду Таластын ПЭСине коюптур.
Башкача айтканда, баардык облустарга өз балдарын (өкүл балдарын) коюп, өзү сырттан башкарып жаткан кербези. Ал тургай, Жогорку Кеңештеги тармактык комитетке да досу Марат Мураталиевди орун басар кылып киргизип алган.
Ал эми, өзүнүн ордуна министр болуп жаңы келген Таалай Ибраев кадрларды мындай кой, көмүр таппай карайлап Казакстанда командировкада жүрөт экен апталап. Ии баса, ал ортодо мурда Доскулдан куугунтук жеп кызматынан куулгандар жапырт соттордон утушуп, кайра кызматтарына орношуп жатканын да ал жактагылардан уктук...