Али Токтакунов: «Матраимовдор ооз жабуу акысына миллион доллар сунуштаган»
- 09.01.2021, 10:54,
- Башкы
- 481
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу журналист Али Токтакунов Супер ТВнын «САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ» берүүсүндө билдирди.
«Пара алууга менин тарбиям жол бербейт. Эгер акча үчүн иликтөө жүргүзгөн болсом Айеркен Саймаитиден көп акча сунуштаган Матраимовдордон пара алмакмын. Алар мага биринчи 500 миӊ доллар, андан кийин 1 миллион доллар сунушташкан. Ал эле эмес, Жогорку Кеӊештин эки депутатын ортого салып, жарашууга аракет кылышып, мени өз партиялары менен депутат болууга да чакырган», -деди Али.
Ошондой эле ортого салган кишилердин бири схема түзүп алганын, алардын сценарий боюнча Али Токтакунов Матраимовдорду иликтөөсүн улантып, бирок акырындык менен ал иликтөөнүн жыйынтыгын жумшартып, кыскасы, Матраимовдорду актап, андан кийин өзү да аларга кошулуп кетсе боло турганын айткан. Али Токтакунов бул сунуштардын баарынан баш тартканын баса белгиледи.