У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Максүтовдун жоопкерчиликсиздиги, Байсакованын интригасы, жаатташкан жамаат...


Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бир топтон бери кызматтык атмосфера жакшы эмес. Интрига күч. Кызматкерлердин арасында бөлүнүп-жарылуу өөрчүп кеткен. Буга Улуттук китепкананын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп иштеп жаткан Байсакова Нурия Райымовнанын жүргүзүп жаткан өзүм билемдик иш-аракети негиз болгону айтылып келет. Башкача айтканда, Байсакова кызматтык милдетин жеке кызыкчылыгынын фонунда карап калган. Кырдаал Маданият министрлигине чейин жетсе дагы, абалды жөнгө салууну азырынча эч ким ойлоно элек.
 
Айталы, аталган китепкананын бир топ кызматкерлери Байсакованын куугунтугунан чочулашып, аттарын жашырып Улуттук китепканадагы башаламан кадрдык саясаттын апогейине жетип, мыйзамсыз иштен алуу, кызматка коюу боюнча өзүм билемдик абалды түшүндүрүп Маданият министрлигине кат менен кайрылышкан. Тилекке каршы, жоопкерчиликти, өзүнүн түздөн-түз кызматтык функциясын, милдетин сезбеген министр Алтынбек Максүтов “анонимдүү кайрылуу каралбайт” деген жүйө менен кайдыгер мамиле жасап, көңүл бурган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин, башым дебей отурат. Ал түгүл маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутат Гүлкан Молдобекова Улуттук китепканадагы чуунун жагдайы тууралуу суроо берсе, министр Максүтов эч нерсени түшүнбөгөн болуп, “териштирүү жүрүп жатат” деп билмексенге салган жайы бар. Чынында, кырдаал оор. Жамаат ич ара жаатташып, Байсакова болсо мурдагы директордун кайрадан кызмат ордуна келтирбестин амалы менен алек.
 
Дегенибиз, Улуттук китепканын буга чейинки директору Нуржан Иманкулованын үстүнөн болгон ар түрдүү каралоолордун натыйжасында “кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарган эмес, ыйгарым укуктарынан аша чапкан” деген негизде убактылуу иштен четтетилген “операция” суу кечпей калган. Иманкулова Нуржан айым Маданият министрлигин сотко берип, Биринчи май райондук сотунан, экинчи инстанция болгон Бишкек шаардык административдик сотунан өзүнүн актыгын далилдеп уткан. Ага ылайык, мурдагы ээлеген кызмат ордуна баруу, жана иштен четтетилгенден берки айлык маянасын компенсация кылуу боюнча соттун чечими чыккан. Бирок Маданият министри Алтынбек Максүтовдун кандайдыр бир жеке кызыкчылыгы барбы, Иманкулованы өз ордуна койбой, соттун чечимин аткарбай жатканы таң калтырат. Ал түгүл мыйзамды тоготпой кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатат десек жарашат. Мамлекеттик кызмат анын жеке менчик ишканасы эместигин Максүтов түшүнбөгөнү, же түшүнсө дагы кыянаттык жасап, соттун чечимин тоготпой жатканы мыйзам чегинде укуктук жактан жооп бере турган жагдай...
 
Өкүнүчтүүсү, ал ортодо “өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, директордун милдетин аткаруучу болуп иштеген 7 айдын аралыгында Нурия Байсакова кызматкерлердин ыркын кетирип, чалмакейди чалып бүттү десек аша чапкандык болбойт. Эки тизгин бир чылбырга убактылуу ээ болгондон тарта өзүнө ыңгайсыздык жараткан 61 кызматкерди иштен бошотуп, жакын санаалаш делген 51 адамды жердешчиликке таяп кайрадан ишке алган. Кызматка алган кадрлары квалификациялык талаптарга ылайык келбей турганы өзүнчө чоң сөз. Ал эми өзүнүн сөзүн сүйлөгөндөр ишке чыкпаса да, же анда-санда караанын көрсөтүп койгону үчүн табель толтурулуп, айлык, сый акыга чейин алаары, көңүлүнө жакпаган кызматкерлерди чогулушта каарып, урушуп кызматтык этиканы сактабаганы мыйзам алдындагы жоопкерчиликти сезбегени коллектив ичинде нааразычылык жаратып келет. Мындан улам, кызматкерлер чогулушка катышкандан заарканып турушат экен. Кыйыгына алганды рапорт жаздырып ыйлатып, өчөшүп артынан түшүп алгандыктан, кысымга кабылбайлы дешип кызматкерлер ойлорун айткандан коркушуп, Байсакованын көзүнө чалдыгып калбайлы дешип андан жаа бою качып, жамаатта бири-бирине карата ишеним жоголгон.

Айтор, жакын арада Улуттук китепканада чоң чуу чыкканы турат. Кырдаал ошого жетсе, жаңжалдын кесепетинен министр Максүтов өзү кызматынан ыргып кетиши мүмкүн. Анткени учурда директордун милдетин аткарып жаткан Байсакова өзү менен кошо министрди дагы жарга сүйрөп бара жатат. Нааразычылыкты жайгаруунун бир гана жолу бар. Соттон өзүнүн чындыгын, актыгын далилдеп уткан мурдагы директору Нуржан Иманкулованы өз ордуна алып келүү. Ансыз коллектив ичиндеги бөлүнүп-жарылуу, интрига токточудай эмес.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter