У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Кыргыз темир жолуна” 6 292 842 сом ири көлөмдөгү зыянды төлөбөй, мыйзамды тоготпогон Эмилбек уулу Мырзабекке качан чара көрүлөт?

 
Учурда алдамчы, шылуун, жемкорлорго карата бийликтин келишкис күрөшүн колдойбуз. Коррупцияга каршы бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштер алкоого арзыйт. Президентибиз Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөнү ичип-жеп тоногон уурулардан арылтууга болгон саясаты эң туура жол деп эсептейбиз.
 
Мына канчалаган коррупционерлер кармалып, камалып мыйзам чегинде жазаларын алышууда. Укуктук, мыйзам иштеген өлкөдө дал ушундай болуш керек. Андыктан коррупционерлерге болгон аёосуз күрөш үзгүлтүксүз улантылып, айрым суудан курак чыгып кеткен эпчилдер жазадан кутулуп кетпегендей болууга тийиш. Дегенибиз, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирип, мурдун балта кеспей, мыйзамды тоготпой жүргөндөр дагы жок эмес.
 
Айталы, “Меридиан Логистик Сервис” аттуу компаниянын жетекчиси Эмилбек уулу Мырзабектин (Мамытов Мырзабек, Эмилбеков Мырзабек деп да жүрөт) “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына 6 292 842 сом ири көлөмдө зыян келтирип, бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй, же жаза тартпай келе жатат. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча Бишкектин район аралык сотунун 2018-жылдын 5-ноябрында чыккан чечими аткарылбай келет. Мындай ири суммадагы зыянды сот аткаруучулар мамлекетке өндүрбөй, көрмөксөнгө салып калкалап келе жатканы түшүнүксүз. Бул деген президент Садыр Жапаровдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшүнө, мамлекетке болгон кыянаттык, саботаж экени көрүнүп турат.
 
Өкүнүчтүүсү “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Сакиев Азамат Абдукаримович аталган зыяндын ордун төлөтүп, казынага кайтарууну анчейин көңүлгө албай жатканы таң калтырбай койбойт. Соттун чечими чыккан зыянды артынан кууп жүрүп төлөтүп алгандын ордуна, бүгүнкү күнгө чейин кайдыгер. Ушундан улам, Эмилбек уулу Мырзабек өзүн кол тийгис катары санап, кымбат баалуу машина айдап, шаарда шапар тээп мыйзамды тоготпой жүрөт.
 
Белгилей кетчү жагдай, мамлекетке келтирилген бул ири өлчөмдө зыян боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбаев Азиз мырза парламенттин пленардык жыйынында көтөрүп, ошол кездеги Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго чейин жеткирген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президент эле. Кийин бул көйгөй президент Садыр Жапаров бийликке келгенде дагы көтөрүлүп, анын 2021-жылдагы жыл жыйынтыктоочу маалыматтык жыйынында да журналистттер тарабынан айтылган. Ошол кезде президент өзү маселени тактап, келтирилген зыян боюнча соттун чечимин көзөмөлгө ала турганын убадалаган. Бирок эмнегедир жыйынтык жок.
 
Эң эле кейиштүүсү Эмилбек уулу Мырзабек бир эле биздин өлөкөгө эле зыян кылбастан, Кыргызстандын беделине доо кетирип, чет өлкөнүн жарандарын дагы ири суммага алдап кеткен. Башкача айтканда, Казакстандын “Шынгар Транс” ишканасын 9 миллиондон ашык суммага сызга отургузган. Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту келтирилген зыяндын ордун төлөп берүү тууралуу 2021-жылы 2-декабрда чечим чыгарган.
 
“Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген ырас белем, Эмилбек уулу Мырзабектин мындай шылуундугу атасы Мамытов Эмилбектен жуккан окшобойбу. Дегенибиз, Мырзабектин атасы Мамытов Эмилбек Насипович дагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2023-жылдын 31-январында чыгарган өкүмүнө ылайык, КРнын Кылмыш кодексинин 204-статьясынын 3-бөлүгү, 359-статьясынын 1-бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, Казакстандын, Россиянын жарандары Куриленко В.Н, Архаров Э.Д, Кыргызстандын жараны Абдрасулов Р.М. аттуу 3 ишкерге 112 769 141 сом төлөп бермей болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин качып, дайынын таптырбай жүрөт.
 
Мына ата-баланын эл аралык деңгээлдеги шылуундугу. Бир эле мамлекеттик “Кыргыз темир жолу” ишканасына ири өлчөмдө зыян келтирбестен, Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жарандарын ири суммага алдашып, мыйзам чегинде жаза тартышпай ээн-эркин жүрүшөт.
 
Айтмакчы, эгер “Кыргыз темир жолу” ишканасына 6 292 842 сомду төлөтүп алуу, зыяндын ордун толтууруу маселеси эч кандай маанилүү эмес болсо, анда анын жетекчиси Сакиев Азамат кызматтан кетиши зарыл. Себеп дегенде, президент Садыр Жапаров мененен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияны жок кылуу саясатына болгон кайдыгерлиги, өз ишине жасаган шалаакы мамилеси анын жетекчилик кызматты ээлеп отурууга татыксыз экенин билгизет. Андыктан соттун чыгарып берген чечимине ылайык доону өндүрө албаган жетекчиге кызматтык иликтөө кылып, күмөндүү ишмердүүлүгүнө баа берүү зарыл. Себеби, калкалап отургандай жеке кызыкчылыгы болбосо, доону эчак өнүдүрүп, келтирилген чыгымды казынага кайтарышы керек эле.

Мындан улам, алдамчылыкты өнөр тутуп, мамлекетке, ал түгүл чет өлөкүнүн жарандарына чейин зыян келтирип, “ээн токойдун бөрүлөрүндөй жойлоп жүргөн” ата-балага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мырза өзү мыйзам чегинде чара көрүп, келтирилген зыяндын ордун төлөтүүнү өз көзөмөлүнө алса, башкаларга дагы сабак болот эле. Анткени бул иш “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин колунан келбей турганы анык болуп калды.

Нургазы Айтмырзаев


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter