У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ашпозчу, кийим тиккич Ибраев, кышында элди суукка тоңдурса камалабы?


Популист, пиарщик аткаминерден кантип арылабыз? Дегенибиз, чечилбей жаткан көйгөй көп, анан кыйраткан эч иши жок, асманды сүйлөп мактанып, мурдун балта кеспей басып жүргөндөр күйгүзчү болду. 

Буга Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кылыгы ачык мисал десек жарашат. Мына учурда Токтогулда суу жок, Бишкек жылуулук электр борборуна бир тоголок көмүр түшө элек. Свет азыртадан эле оңдоп-түзөөгө байланыштуу делип, 3-4 сааттан өчүрүлүп жатат. Кышында ар төрт саатта бир өчүрүлүп, бир суткада 12 саат электр жарыгы жок калаарыбыз күтүлүүдө. 

Ал эми министр Ибраев болсо: "Баарына жөндөмдүү кыйынмын. Тамакты укмуш жасайм. Кийим тигем",- деп маек берип, өзүн мактап түгөтө албай жүрөт. Кыргыз өзүн мактагандан түңүл дечү беле? 

Курулай пиар менен алектенип отурбай, кыйын болсо баары колунан келсе, эртең кычыраган кышта элдин жарыгын өчүрбөй, суукка тоңдурбай кантип маселени чечем деп баш оорутпайбы? Кышында эл кыйналса, социалдык нааразычылыктар орун алса, дал ушул Ибраевди биринчи камаш керек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter