У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тазабек Икрамов шайлоого келбеген жарандарга 5 миң сом айып салууну демилгеледи…

 
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоого келбеген, мамлекет алдындагы жарандык парзын аткарбаган шайлоочуларга 5 миң сом айып салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеп жатат. Түшүнгөнгө өтө туура.

Өзүбүз шайлоого барбай, анан туура эмес талапкерлер шайланып калса, "иштешпейт, кошоматчы, билимсиздер башкарып жатат" деп нааразы болуп наалый беребиз...

Андыктан, жоопкерчиликти өзүбүздөн баштайлы. Бийликтин булагы эл деген соң, ошол башат ылайланбай тунук таза болсо, башкаруучулар дагы ошого жараша эл мүдөөсүн аркалашмак.

Эл бир гана учурда бийлик ээси болот. Бул-шайлоо! Эки ай мурун Туркиядагы президенттик шайлоого баам салып отуруп, түрк жарандарынын активдүүлүгүнө суктандык. Ал эми ал жакта шайлоого катышпаган жарандарга айып салынаарын эч кимибиз элес албадык. Жаран шайлануучу сыяктуу эле шайлоочу катары мамлекет алдында жоопкер экенин унутпайлы. 

Албетте, шайлоо процедураларында бул боюнча маселе бар. Форма-2 боюнча шайлоо өткөрүү опурталдуу экенин 2020-жыл көргөздү. Онлайн шайлоого азырынча жетише албайбыз. Ички-тышкы миграция маселе болуп турганда балким бул сунуш абстрактуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок, жаран шайлоого катышууга милдеттүү! 

Бул жагынан депутат Tazabek Ikramov туура маселе көтөрүп жатат. Калган техникалык маселелер БШКнын иши. Шайлоочуларды алдын-ала каттоо, аларды убактылуу жашаган жерине каттоого алуу, социалдык роликтерди даярдоо сындуу маселелерге тиешелүү мекемелер жана жергиликтүү бийлик жооптуу болуш керек!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter