У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат Надира Нарматова декларациябызды ачыктаган журналисттер маскарабызды чыгарып жатат деп нааразы...


 Жогорку Кеңеште Надира Нарматова деген депутат бар. Качан болсо журналисттерге нааразы. Бул эл өкүлүнүн аксак логикасы боюнча аны сын айтпай мактап эле туруш керек экен. Болбосо, куйкасы куруша берет окшойт. 
 
Мына дагы көнгөн адатынча "журналисттер жана блогерлер депутаттар менен аткаминерлердин мал-мүлкү тууралуу декларациясын көрүп алып, маскарасын чыгарып жатат", - деген примитивдүү көз карашын таңуулап, обон созду.
 
Эл өкүлүнүн ою боюнча саясатчы, депутаттардын декларациянын ачыкталышы алардын жеке жашоосуна, абийирине шек келтирет экен. 
 
Эл өкүлү  мындай пикирин ЖКнын бюджет жана экономика комитетинде жарандар болгон мал-мүлкүн ачыктаса, аны каяктан алганын текшербөөгө кепилдик берген мыйзам долбоору каралган жыйында билдирди. 
 
Депутат өз сөзүндө: "Өмүр бою ак мээнети менен иштеп тапканын деле блогер, журналисттер "ушундай мүлкү бар экен" деп маскарасын чыгарып, жаманатты кылып жазып жатышпайбы. Декларациядан көрүп алышып саясатчыларды, аткаминерлерди бир кылмыш кылып койгондой жазып жатышат. Азыр биз бул мыйзамды колдой турган болсок блогер, журналисттер алардын аркасынан чукулай албай калабы? Каяктан алдың, уурдадың дей албайбы ошондо?" — деп сурады.
 
Ага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев чукулай албастыгын, андай суроолор жок болорун айтты.
 
Нарматованы министрдин жообу элиртип жиберди окшойт, токтоно албай: "Биздин ушундай чукумай, аңдымайлар... Декларациясын ашкере кылып, адамдардын жеке жашоосуна, абийирине шек келтирген учурлар көп болуп жатат да. Бизде чукуламайлар көп болгону үчүн 30 жылда чыккан жаңы байларыбыз тапкан каражатын сыртка алып чыгып кеткенге аракет кылып жатышат. Дүйнөнүн төрт бурчунан, Европага чейин барып үй-мүлк сатып алып, ишканаларды ачып, бизнесин көчүрүп кетүүдө. Мамлекеттик органдар текшерет, ошол эле учурда биз бири-бирибизди чукулап ырахаттанабыз. Бирөөнүн абийирин кетирсе өмүрлөрү узарат. Биз декларация толтурганда миллиардерлер жашырып томояк атка конуп жатат, ошол эле учурда мыйзамды сыйлап көрсөтүп койгон адамдардын шермендесин чыгарып, өлтүрүп жатасыңар. 30-40 жылда балдары менен чогулткан мүлкүн каяктан таптың, уурдап алдың деп", — деп нааразы болду.
 
Тилекке каршы, декларация маселеси кимдин көкөйүнө тийип, натыйжада мүлкүн чет өлкөгө чыгарып кеткен бир мисалды, фактыны айткан жок. Курулай эле оюнан чыгарып жөө жомок токуй берген кантип жакшы болсун? Баягы "бир айылда он айыл өкмөт болсо, он айыл өкмөттө бирден айыл болсо" деп жаңылмач айткандай эле урдуруп салды.
 
Эгер чет өлкөгө мүлкүн, капиталын чыгарып кетип жаткан жарандар болсо, алар декларациянын айынан эмес, мыйзамсыздыктын, ишеним, коопсуздук кепилдигинин жоктугунан болуп жатат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter