У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Хабибулла Абдукадыр мейманкана курам деп тротуардан бери жолго чейин тосуп алды...


 "Нарын" ресторанынын ордуна 321 миллион долларга 37 кабаттан турган беш жылдыздуу мейманкана, бизнес борборун жана турак-жай комплексин курууга президент Садыр Жапаров 10-мартта капсула салган. 
 
Кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр сала турган комплекс 296 бөлмөлүү мейманкана, 444 батирлүү турак-жай батирлерин, соода жайларын жана 1,2 миңден ашык унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жайды камтып, 2 миң жумушчу орун түзөөрү айтылган. 
 
Учурда курулуш иштерине даярдык кызуу жүрүп жатат. Бирок шаар тургундарын нааразы кылган өзүм билемдик азыртадан эле башталды. Президент капсула салып колдоо көрсөтүп жатат дегенден уламбы, же кыргыздарга боло берет деген тоготпостукпу, айтор курулуш кура турган чектен сырткары шаардыктар жүрө турган тротуарларды кошуп, жол жээгине чейин тосуп алышты. 
 
Натыйжада, жөө жүргүнчүлөр тротуар тосулуп калгандан улам машина өтүүчү жолго чыгып басууга аргасыз болушууда. Кокус кырсык болуп, жөө жүргөндөрдү машина коюп кетсе эмне болот деген, элдин коопсуздугун ойлогон бир дагы бийлик өкүлдөрү жоктугу өкүндүрөт. Эмне инвестор десе эле башкалардын укугун тебелеп, өз билгенин жасай бериш керекпи?..
]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter