У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттин кудасы Түмөнбаев жаңы кызматка дайындалды


Садыр Жапаровдун бир тууган жездесинин агасы Турусбек Түмөнбаев "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалганы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Түмөнбаев аталган ишканага  4 ай мурда эле директор болуп дайындалган. Бирок анын кызматка дайындалганы тууралуу расмий маалымат жарыяланган эмес. Мэриянын сайтына ишкананын жетекчиси катары Түмөнбаевдин сүрөтү илгенден кийин гана коомчулукка анын директор болуп дайындалганы белгилүү болду.
 
"Бишкек асфальт сервис" — Бишке шаардык мэриясына караштуу ишкана. Ишкана шаардын жолдорун жана көрктөндүрүү  объекттерин сапаттуу долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык  оңдоо жана тейлөө кызматтарын аткарат.
 
Эске салсак, Түмөнбаев 2020-жылдын октябрында "Унаа" мамлекеттик ишканасына директор болуп дайындалган. 2021-жылдын августунда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланып калганын айткандан кийин Жапаровдун тапшырмасы менен "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшерилген. Жыйынтыгында Түмөнбаев 12-сентябрда кызматтан бошотулган.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter