У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар педофилдерди өлүм жазасына тартуу маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунушташты


 Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровго педофилдерди өлүм жазасына тартуу маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунушташты. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Дастан Бекешев билдирди.
 
Анын айтымында, жакында тиешелүү токтом долбоору даярдалып Жогорку Кеңештин кароосуна кирет. Бекешев өзү бул демилгени колдобой турганын билдирди. 
 
«Жакында эле Жалал-Абад облусунда бир киши дал ушундай айып менен соттолду. Анын майыптыгы бар экен. Ал бир канча убакыт түрмөдө отуруп, ден соолугуна байланыштуу бирөөнү зордуктоого жарамсыз экенин далилдеп чыкты.Эми ал киши 1 миллион сом компенсация талап кылып жатат, бирок ага 100 миң сом гана берилди. Азыр өлүм жазасы киргизилген болгондо ак жерден айыпталган майып адам, өлүм жазасына тартылмак. Референдум болсо шайлоочулар педофилдерди өлүм жазасына тартууга добуш берери анык. Биздин соттук система өнүгө элек, коррупция жана адилетсиздик дагы деле бар. Тергөө органдары дагы анчалык тартипке келе элек, андыктан мен укук коргоо органдары идеалдуу болгон жерде гана өлүм жазасы киргизилишине макулмун. Бирок бир дагы өлкөдө идеалдуу иштешпейт», - деди Бекешев.
 
 
 
 
 
 
 
 

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter