У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


50 миң доллар талап кылышкан. Өзбекстанда барымтага алынган кыргыз жараны бошотулду


 Наманган облусунун эки тургуну Кыргызстандын жаранын алдап чек арадан алып өтүп, Өзбекстанга алып барып, барымтага алышкан. Алар аны бошотууга туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-февралында УКМКга КР жараны кайрылган. Ал бир тууганы Өзбекстанда белгисиз адамдар тарабынан барымтага алынганын билдирген.
 
Намангандын эки тургуну 2022-жылдын 23-октябрында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы «Баймак» постунан кыргызстандык жаранды алдап Өзбекстанга алып өтүп кетишкен. Ал жерде беш ай кармалып турган. Аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан.
 
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2023-жылдын 7-мартында уурдалган жаран Кыргызстанга алынып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген.
 
Кыргызстандын жаранын уурдоого шектелип Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Наманган облусунун эки тургунун кармады. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter