У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгерлердин шалаакылыгынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын колу кесилген. Кызматтык иликтөө жүрүүдө...


Токтогул районунда дарыгерлердин шалаакылыгынын кесепетинен жаңы төрөлгөн ымыркайдын колу кесилди. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучуларынын жазганына таягып Говори.тв жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайдын кан тамырына тамчылатма укол кое алышпай, натыйжада укол териге кетип калган. Токтогулдун дарыгерлери бөбөккө учурунда жардам бере алышпай, бирок ооруканада кармай беришкен. Ымыркайдын абалы оорлошкондо гана Бишкекке алып келишкен. Кеч алып келгендиктен Бишкектеги Жал кичи районунундагы балдар ооруканасынын дарыгерлери бөбөктүн колун кесүүгө аргасыз болушкан.
 
Колу кесилген ымыркайдын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө турганын Govori.TVга Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен.
 
“Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Министр ымыркайдын колунун кесилиши туурасындагы маселени өз көмөлүнө алды»,-деп билдиришкен министрликтен.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter