У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эски имаратка алып кирип сабашкан. Сузакта 15 жаштагы мектеп окуучусу каза болду


Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылында 9-класстын окуучусу ур-токмоктон улам каза болду.
 
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 1-мартта болгон. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу М.Т. дагы бир классташы менен мектептен чыгып келе жатканда 10-класстын 5 окуучусу аларды аталган мектептин аймагындагы эски имаратка алып кирип, ур-токмокко алышкан. Ур-токмок учурунда М. Т. аркасы менен жыгылып, өзүн жаман сезип баштаган. Эки окуучуну сабап жаткан 5-класстын окуучулары аларды таштап качып кетишкен. 
 
9-класстын балдары жолдо бараткан унааны токтотуп, М.Т.ны Октябрь аймактык ооруканасына жеткиришкен. Андан кийин ата-энесине айтылган. Тилекке каршы, окуучу каза болуп калган.
 
Маркум 15 жашта болгон, ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси экени айтылды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter