У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмилбек Абдыкадыров: Бишкекте мыйзам бузуу менен курулган 34 үй бар


 Бишкек шаарында мыйзам бузуулар менен курулган 34 үй бар. Бул тууралуу  Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 1-марттагы маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, өлкөдө мындай 84 үй бар.
 
«34 үйдү анализдеп чыктык, аларды курган компаниялардын ээлери ким экенин билебиз. Эгерде мыйзам бузуулар сейсмикалык туруктуулукка байланыштуу болбосо, анда ал үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселесин карайбыз. Биздин жарандар азыр ал жерде жашашап жатышат, мыйзам бузуулар үчүн алар күнөөлүү эмес», - деди ал.
 
Мэр Сыдыков көчөсүндөгү үй менен таанышканын билдирди. Ал үйдү куруудагы мыйзам бузууларды аныктоо үчүн материалдар сотко берилгенин айтты. 
«Эми маселе соттошууда эмес, маселе көйгөйлөрдү чечүү», - деди ал.
 
Ал “ "Бишкек башкы архитектура" ” кайрадан борбор калаанын мэриясынын карамагына өткөнүн эске салды. «Шаар куруу саясаты бизге өткөрүлүп берилди. Мындан ары эч кандай мыйзамсыз курулуш болбойт деп ойлойм», - деди Эмилбек Абдыкадыров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter