У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кошуналары ызы-чуу, кыйкырыктарды угушкан. Бишкектеги киши колдуу болгон 3 жарандын өлүмү тууралуу Азамат Ногойбаев билдирди


Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 5-кичирайондо киши колдуу болуп каза тапкан 3 жарандын иши тууралуу маалымат берди.
 
Анын айтканына караганда, кылмыш болгон күнү кошуналар эмерек ары-бери жылдырылып, ызы-чуу, кыйкырык болуп жатканын угушкан. Кыз терезеден секиргенде машинага урунуп сигнализациясы иштеген. Кошуналар сигнализацияны да угушкан. Бирок алар буга анча маани беришпей, үй комитетинин жетекчисине кечирээк айтышкан. Ал жумуштан келгенден кийин видеокамераларды карап, райондук милицияга кабарлаган. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери келип, батирди ачып, 3 адамдын сөөгүн табышкан.
 
Шектүү менен аял мас болушкан, экспертизанын жыйынтыгы бар экени айтылды. Батирде столдун үстүнөн бөтөлкөлөр табылган. Шектүү менен маркум аял уруша кетишкен.
 
Милициянын маалыматына ылайык, шектүү таңкы саат төрттө өз үйүндө кармалган. Ал каршылык көрсөткөн эмес.
 
Эске салсак, 16-февраль күнү 5-кичи райондо 51 жаштагы аял менен анын 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Шектүү катары 37 жаштагы А.Ч. кармалган.
 
Азамат Ногойбаев шаар тургундарына кайрылып, кошуналар ызы-чуу болсо, милицияга кабарлоого чакырды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter