У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертүүсүз текшерүү жүргүзгөн «сырдуу кардар» долбоорун ишке киргизди


Санариптик өнүктүрүү министрлиги улуттук «Сырдуу кардар» долбоорун ишке киргизди. Эми «Сырдуу кардарлар» күн сайын Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлоруна жөнөкөй жаран болуп, эч кандай эскертүүсүз барат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
 
Маалыматка ылайык, бул калкты тейлөө борборлорундагы коррупциялык факторлорду аныктоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.
 
«Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин дарегине сапатсыз кызмат көрсөтүү, орой мамиле жана кызматкерлердин компетентүү эместиги сыяктуу көп даттануулар келип түшүүдө. Биз барыбыз жакшы түшүнүп жатабыз, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө болгон талап күн сайын өсүп жатат. Ошондуктан мамлекеттик кызмат көрсөтүү жогорку деңгээлде болуш керек», — деп айтылат билдирүүдө.
 
«Сырдуу кардар» долбоору бардык социалдык мааниге ээ мамлекеттик кызматтарды камтыйт. Сатып алуулардын жыйынтыгы менен коррупциялык фактылар, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, КТБда жарандар үчүн жаралган тоскоолдуктар аныкталмакчы.
 
«Сырдуу кардар болуп каалаган өлкөбүздүн кайдыгер эмес жараны боло алат. Ал үчүн жаран 119 телефон номурундагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Колл-борборуна кайрылып, каттоодон өтүшү керек», — дейт министрлик.

Булак: economist.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter