Жогорку Кеңештин азыркы курамы коомдо эң көп нааразычылык жараткан, мажүрөө, алсыз чакырылыш болду. Өзгөчө актуалдуу маселелер каралган жыйында, көпчүлүк эл өкүлдөрү карапайым калктын эмес, бийликтин таламын талашып, кошомат кылышып жек көрдү болушту.
Бул жагдай казино ачууну колдошкондо, Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүдө, Бактендеги чек ара чырында ачык көрүндү. Айтор, элдин таламын, мыйзамдуулукту талап кыла турган депутаттар көп учурда президенттин “кол жоолугу” болушту.
Албетте, уютку сыңары, көзгө басар депутаттар жок эмес. Бирок өтө эле аз. Мына ошондой элдин көзүнө түшүп, өзүн ар тараптуу өстүрүп, Жогорку Кеңеште белдүү депутаттардын бирине айланган Тазабек Икрамов болду.
Буга дейре, ар дайым сын-пикир угуп келсе, ошол сындан жыйынтык чыгарып, элдин урматына арзый алды.
Чыныгы элдин өкүлү катары ар дайым чындык тарапта болуп, актуалдуу маселелерде коркпой, тайсалдабай өз позициясын ачык билдирип, мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы турган эрки күчтүүлүгү менен элдин колдоосуна татыды.
Азыркы тапта парламенттеги мекенчил депутат ким десе, Тазабек Икрамов деп тартынбай айтчулар көп.