Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев операция алдында Кыргызстан элине кайрылуу жасап, дарыланууга акча чогултууга жардам берген элге, президентке ыраазычылык билдирди.
Бул туурасында: «Элибиздин кайрымдуулугунда, айкөлдүгүндө чек жок экенине дагы бир жолу ынандым. Ар кандай жагдайлар болот, бирок түпкүлүгүндө элибиз таза, боорукер. Жалгыз менин жашоом бир нерсеге арзыса, мен дагы кызмат кылам. Жакында көрүшкөнчө», - деди Мурадилаев.
44 жаштагы актёр Азиз Мурадилаев боорун алмаштыруу операциясына муктаж. Бул үчүн 45 миң доллар керектелсе, президент Садыр Жапаров 42 миң долларды операцияга берсе, калганын жарандар чогулткан.
Донор актердун жеңеси болот, операцияны Түркияда жасоо пландалууда.