Монголиянын мурдагы президенти Баттулга Халтмаа көмүр уурдаганы үчүн күнөөлүү деп билдирди экономика министри
- 12.12.2022, 12:28,
- Башкы / Саясат / Экономика
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
11-декабрда Монголиянын Экономикалык өнүгүү министри Хурэлбаатар Чимед өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына маалыматты жарыялады. Бул маалыматта көмүр уурдоонун автору мурдагы президент Баттулга Халтмаа экенин жазды.
Бул туурасында: «Баттулга Халтмаа 2017-2021-жылдары президент болуп турганда Таван-Толгойдун көмүрүнүн ээси болгон. ЭТТ ишканасынын (Эрдэнэс Таван-Толгой) жана темир жолчулардын жетекчилери ага кошоматтанышып, артынан чуркап, Эмгек баатыры, тармактын эмгек сиңирген ишмерлери болушкан. Ага макул болбогондорду камайбыз деп коркуткан. Ага депутаттар-ишкерлер белектерин алып чуркап келип, ант беришти. Анын бөлмөсүнө бир топ адамдар киргенде 90 градустан ашык ийилип таазим кылышты. Женко (Баттулга 1992-жылы өзүнүн Женко деген фирмасын түзгөн. Ошондон бери компаниянын аты анын лакап аты болуп калган) көмүр уурдоонун автору, монгол мамлекетинин трагедиясы», — деп жазган ал.