Болот Темиров Москва аэропортунда ФСБга сурак берди
- 24.11.2022, 13:09,
- Башкы / Саясат
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Иликтөөчү журналист
Болот Темиров Москва аэропортунда ФСБга сурак бергенин анын жубайы
Bulak.kg’ге билдирди.
Жубайынын айтымында, Болот Темиров аэропортко келгенде ФСБ кызматкерлери тосуп алышкан. Ал бул туурасында:
«Алар анын кандай максатта учканын сурашты. Болот Темиров иликтөөчү журналист экенин айтты. Анан алар иликтөөгө акчаны кайдан алып жатканын сурашты. Ал чет элдик уюмдардан грант ала турганын айткан. Алар Болот Темировду өткөрүп, аны алып келген эки укук коргоо органынын кызматкерлерин көпкө кармашкан», — деп айтты.
Аэропорттон Болот Темировду апасы тосуп алган. Азыр ал ата-энесинин жанында. Анын жубайы белгилегендей, учурда Болот Темировдун паспорту, телефону да жок, болгону Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан берилген Орусиянын жараны деген убактылуу маалым каты гана бар.
«Биз Болот Темировдун Кыргызстанга кайтып келиши үчүн күрөшөбүз. Анткени ал Кыргыз Республикасынын жараны, ушул жерде туулуп, өскөн. Temirov Live командасы ансыз да иштей берет, ал эми Болот Темиров онлайн режиминде кошулушу мүмкүн», — деди жубайы.
23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировдун ишин карап, өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Өкүм жарыялангандан кийин дароо кармалып, сот залынан түз аэропортко жеткирилип Россияга чыгарылган.
Ал эми, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Болот Темиров өлкөдөн чыгарылганын кечинде билгенин айтты.
Бул туурасында:
«Кечээ сот чечим чыгарды, ИИМ тергөө жүргүздү. Менин кандай тиешем бар? Мен бул тууралуу билген да эмесмин. Иш сапарлар менен жүрөм. Кечинде билдим», — деди.