Камчыбек Ташиев: «Орто-Токой берилип кетти деген туура эмес. Бизде калды»
- 17.11.2022, 12:41,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы да Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөздөр туура эмес экенин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогоку Кеңештин 17-ноябрдагы отурумунда айтты.
Бул туурасында: "Буга чейин Орто-Токой дагы Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөздөр тарады. Бул туура эмес. Орто-Токой толугу менен Кыргызстанда калды", — деди ал.
Төрага суу сактагыч "толугу менен бизде каларын" кошумчалады.
Ташиев өзүнүн докладында Өзбекстанга Кемпир-Абаддын алдындагы 4 485 гектар жердин берилерин, ал эми Кыргызстанга бул коңшу мамлекет менен чек ара тилкелеринин тегерек-четинен 19 700 гектар жер өтүп жатканын айтты.
Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат.