Быйыл Өкмөттүн чыгашалары 35,3 млрд сомго жетип, бюджеттин тартыштыгы төрт эсе көбөйдү.
Өкмөт быйыл бюджеттин тартышытыгы 9,1 млрд болорун пландап, бирок дефицит 4 эсеге көп болуп 35,3 миллиардга жетти. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
Эл өкүлү: "2022-жылдын бюджетибизге киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып, быйылкы жыл кандай башталганын эстедим. Ал жакшы жана келечекке чоң амбициялуу пландар менен башталган. Министрлер кабинети үмүт берип, алты айдан кийин президент фискалдык саясаттагы чоң ийгиликтерди айткан.
Алгач киреше 282,1 миллиард сом, чыгашалар 291,2 миллиард сом болуп, 9,1 миллиард сом дефицит менен аяктоо пландаштырылган.
Ал эми каржы жылын минтип жыйынтыктайбыз: кирешелер — 272,002 миллиард сом, чыгашалар — 307,3 миллиард сом жана тартыштык 35,3 миллиард сом", -деп жазды.