“Тажикстан менен Өзбекстан визалык мамилелер жана Мамлекеттик чек аранын эң талаштуу бөлүгү - Фархад ГЭСинин плотинасы боюнча - Премьер-министр Абдулло Арипов жетектеген Өзбекстандын делегациясынын Душанбеге болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларга жетишишти”, - деп "Азия-Плюс" агенттиги Тажикстан өкмөтүндөгү булакка таянуу менен билдирди.
"Чек ара маселелерине байланыштуу тараптар Фархад ГЭСи жайгашкан аймак Тажикстандын аймагы, ал эми гидроэнергетикалык объект өзү Өзбекстандын менчиги деп таанылаарын макулдашышты. Объектти кайтарууну тажик тарап жүргүзөт, ал эми аны техникалык тейлөө Өзбекстан тарабынан жүргүзүлөт", - деп билдирет агенттик.
Мындай келишимге эки өлкө 2018-жылдары жетишкен.
Өкүнүчтүүсү, биздин бийлик төбөлдөрү Кемпир-Рават боюнча Тажикстандын деңгээлинчелик сүйлөшүү жүргүзө албай жатканы ушундан эле билсе болот.
Бул тууралуу Рита Карасартова өзүнүн фейсбук баракчасына: "Мамлекет аралык сүйлөшүдө Кыргызстан Таджикистандын деңгээлине деле жете албайт турбайбы. Биргелешкен аракеттерге (СП) ар бир тарап өз салымы менен кириши керек, ошондо кана салымыбызга жараша ышкырабыз. Баарын (дамбаны, эки ГЭСти, суу алдындагы жер) Өзбекистанга берип анан кана СП түзөбүз дегени суроо деле жаратпай калды, ыйлай турган кана абалдабыз",- деп жазды.