У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Ташиев кадр чечип жатат. Ташиев президент болгусу келип жатат»


— "Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки ящик курал алып барган" деген сөздөр коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул кандай максатта жасалды? Анан ушул окуядан улам, "Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов урушуп кетиптир" деген кептер бар. Маалыматыңыз барбы?

 Депутаттар "Баткен бүтө электе маалымат бергиле" деп чакырышкан экен. "Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен" деген сөздөр болуп, "Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат" деген сындар болуптур. Анан "мына силерге автомат" деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду.

— Негизги эле Камчыбек Ташиев экөөңүздөрдү кеп кылгандар көп болуп жатат. "Экөө бийлик талашып жатат" деген сөздөр соцтармакта көп эле жазылууда. Буга кандай комментарий бере аласыз...

— Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.
Экинчиден, "бийлик талашып атат" деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.
Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду.

Булак «kabar.kg» 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter